• Admin

"Ынтымактуу Жашоо" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн мониторинг


"Ынтымактуу Жашоо" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда 25-29 январь күндөрү медиаторлордун ишмердүүлүгү боюнча мониторинг өткөрүлдү. Ошондой эле Улуттук медиация борборунун өкүлдөрү Жаны-Жол жана Терек-Сай айыл өкмөттөрүндө, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларында, Токтогул аймагында медиацияны жайылтуу боюнча семинарларды өткөрдү. Иш-чарага жергиликтүү калк, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү активдүү катышты. Семинарда медиация жөнүндө толук маалымат берилди, анын артыкчылыктары, принциптери, өткөрүү процесси жөнүндө сөз болду. Мониторингдин жыйынтыгында медиатор жөнүндө эл маалым болгондугу аныкталды, демек долбоордун алкагында медиаторлор активдүү иштеп, элге кызмат кылууда деген тыянак чыгарууга болот.






"Ынтымактуу Жашоо" долбоору Европа Биримдиги тарабынан каржыланып International Alert жана Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү Саясат институту тарабынан ишке ашырылат.

3 просмотра0 комментариев